Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Пакистанда аскер полковниги атылды


Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарында талибдердин чабуулунан бир аскер офицери окко учту. Жергиликтүү полициянын өкүлү Кашиф Зулпукар полковник Тарик Гафур 11-мартта жакын турган мечитти көздөй баратканда атып өлтүрүлгөнүн жана бул кол салуу боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Көп узабай эле бул чабуул үчүн Пакистан талибдеринин Техрик-э-Талибан кыймылы жоопкерчилик алары кабарланды. Аталган кыймыл бул тууралуу электрондук кат тараткан.

XS
SM
MD
LG