Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Москва: ФСБ алдында акция өткөргөн аялга айып пул салынды


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы.

Москванын Мещан райондук соту кечээ Орусияда соттолгон украин жарандарын колдоо иретинде акцияга чыккан Елизавета Никитинаны 20 миң рубль айып пулга жыкты. Никитина 10-мартта Лубянка аянтындагы Федералдык коопсуздук кызматынын имаратынын алдында акция өткөрүп жаткан кезде кармалган. 11-марттагы сотто ал өзүн жаман сезип, тез жардам чакыртылган болчу.

Бейшембидеги акция учурунда Елизавета Никитина менен бирге дагы бир активист Вера Лаврешина да акцияга чыккан. Алар колдоруна Украинанын желегин жана “Савченко, Сенцов, Кольченкого боштондук” деген жазууларды кармап турушкан. Полиция кызматкерлери Лаврешинаны кое бергени менен ал шеригин таштагысы келбей, үйүнө кетүүдөн баш тарткан.

Бирок бөлүмдөн күчтөп чыгарылып, ага карата жалпы жыйындарды, митинг, жөө жүрүштөрдү өткөрүү тартибин бузду деген берене боюнча протокол түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG