Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Атамбаев: оппозиция элди ойлобойт


Ишембилик, Бишкек. 12-март
Ишембилик, Бишкек. 12-март

Кыргызстан акырындык менен укуктук мамлекетке айланууда. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги ишембилик учурунда билдирди. Өлкө башчы оппозициянын соңку талаптарына негиз жоктугун, алар өз кызыкчылыктарын гана ойлоп жатканын кошумчалады:

"Германияны мисалга алсак, эң күчтүү партиялар коалицияга биригип, бирге иштеп атат. Аларда эч ким кыйкырып чыкпайт. Биздин мамлекетте оппозиция болобу, башкасы болобу чогуу иштегени жакшы. Албетте, кемчиликтер бар, алар ачык айтылышы керек. Бирок сөзсүз эле чогулуп, төңкөрүш жасайм дегендерди мен оппозиция деп айтпайм, алар – эл бузарлар. Кыйкырып чыккандардын арты таза эмес”, - деди президент.

Буга чейин Кыргызстанда Бирдиктүү оппозициялык күч деп аталган кыймыл түзүлүп, ага саясат айдыңынан четтеп калган саясатчылар бириккени жарыяланган. (NT/UEz)

XS
SM
MD
LG