Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Сириялык козголоңчулар өкмөттүк согуштук учакты атып түшүрдү


Сириянын Латакия аймагындагы Орусиянын согуштук учактары.
Сириянын Латакия аймагындагы Орусиянын согуштук учактары.

Сириялык козголоңчулар ишембиде өлкөнүн батышында өкмөттүк согуштук учак жок кылынганын Рейтер агенттигине кабарлашты. Бирок анын ракета же зениттик курал менен атып түшүрүлгөнү боюнча эки ача маалыматтар келүүдө.

Сириянын өкмөтүндөгү булактар учак Хама провинциясына конууга аракеттенгенде сокку урулганын билдирип, муну ок атууларды токтотуу келишимин бузуу катары сыпаттады.

Бул районду тескеген козголоңчулардын "Жаиш аль-Наср" тобу болсо, учакты жок кылууда зениттик түзүлүш колдонулганын жарыялады. Сириядагы кырдаалга байкоо салган Адам укуктары боюнча обсерваториясы козголоңчулар учакты эки ракета менен атып түшүргөнүн маалымдады.

Буга чейини оппозиция Сауд Арабстан жана башка чет элдик өнөктөштөрүн бийлик менен орусиялык согуштук учактарга каршы туруу үчүн зениттик ракеталарды берүүгө чакырган. Анткен менен курал-жарак экстремисттик уюмдардын колуна тийип калышы мүмкүн деген кооптонуу күч болгондуктан, бул сураныч аткарылбаганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG