Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Кыргыз чапаны Европада таанылды


Strasbourg Fashion журналы болсо кыргызстандык дизайнер Жумагүл Сариеванын “Чапан” коллекциясын башкы бетине чыгарды.
Strasbourg Fashion журналы болсо кыргызстандык дизайнер Жумагүл Сариеванын “Чапан” коллекциясын башкы бетине чыгарды.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (7-13-март)

Vogue басылмасы атактуу батыш дизайнери Вивиен Вествуддун 2016-жылдын күзгү коллекциясы Борбор Азия стилинде болгонун жазат. Вествуддун баш кийимдери жалаң калпак жана шөкүлөдөн турган. Ал эми Strasbourg Fashion журналы болсо кыргызстандык дизайнер Жумагүл Сариеванын “Чапан” коллекциясын башкы бетине чыгарды.

“Аталарынан калган байыркы жомоктордон таасирленген дизайнер эски стиль менен заманбап доорду айкалыштырган жаңы трендди жаратты. Уникалдуу чыгармачыл кыялынын арты менен дизайнер Сариева чапанды бардык мезгилге жана куракка жараша кайрадан мезгил талабына койду”, - деп жазат Strasbourg Fashion басылмасы.

Сталин кайрадан Орусиянын идеалына айланды

New York Times гезитинин Москвадагы серепчиси Алек Лун Советтер Союзун 1920-жылдан 1953-жылга чейин башкарып турган Иосиф Сталин кайрадан Орусиянын кумирине айланып баратканын билдирет.

Москвадан анча алыс эмес аймактарда, маселен Пенза шаарындагы мектеп окуучулары Сталиндин портрети түшүрүлгөн футболкаларды кийишип, анын улуу лидер болгонун айтып мактанышууда. Миллиондогон адамдарды кулакка тартып, репрессиялаганы тууралуу сураганыбызда, "алар ошого татыктуу болушчу" деген гана жооп кайтарышты.

Москвадагы "Левада" борбору жүргүзгөн социалдык сурамжылоодо 2012-жылы Сталиндин саясатын жактагандар 27 процент болсо, 2015-жылдын декабрында бул көрсөткүч 52 пайызга чыккан. Владимир Путин 1999-жылы бийликке келгенден тарта Сталиндин аброю кайра көтөрүлүп, улуттук баалуулукка айланганы калды. Маселен, Пензада былтыр Коммунисттик партия Сталин борборун ачты. Совет лидеринин алтын жалатылган эстелиги орнотулуп, 450 орундуу залга Ленин, Сталиндин цитаталары жазылган. Кремль да мындай көрүнүштөрдү колдоп жаткандай.

"Сталин жана анын идеялары орусиялыктардын дилинен түп тамыры менен жоголгондо гана өлкөнүн келечеги тууралуу ойлоно алабыз" дейт атасы Иосиф Сталинге тилмеч болуп иштеген адамдын уулу, жазуучу Виктор Ерофеев. Бирок Владимир Путин жакын арада Сталиндик дымакты өчүрбөчүдөй”, - деп жазат New York Times.

Ангела Меркелдин доору аяктадыбы?

Ангела Меркел Германиянын гана эмес, бүтүндөй Европанын саясий нугун тескеп, реалисттик багытта келаткан лидер эле. Strategic Europe басылмасынын редактору Юди Димпси "ушул апта соңуна белгиленген жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы немистердин чыныгы жүзүн көрсөтүп, Меркелдин тагдырын чечет" деп жазат.

"Ангела Меркелдин саясий аренадагы лидерлиги жогорку деңгээлде болгону менен, Сириядан агылган качкындар анын шайын оодарып салды. Мурда Меркелди колдоп келген Европа лидерлери эми анын качкындарга чек араны ачуу саясатынан кийин көп жактырбай калышты.

Мигранттардын жолун Түркия аркылуу бууганга жасаган далалаты да текке кетип, миңдеген качкындар Европа кире албай калышты. 13-мартта Германиянын үч чоң облусу Меркелдин саясатына "ооба" же "жок" деп добуш берет.

Евроскептизмдик оппозиция качкындар саясатынан улам Меркелге караманча каршы. Ал арада оппозицияны колдогондор Германияда гана эмес, Европада да көп. Бул шайлоо бүтүндөй Еврошаркеттин багытын аныктап, геосаясатта реалдуу ой жүгүрткөн, адамкерчилик принциптерин кармаган лидерди колдойт, же улутчул, ксенофобиялык көз карашты күчөтүүнүн башатына айланат" дейт Strategic Europe журналынын редактору.

Лондон барган сайын исламдашууда

Telegraph гезити Лондон исламдашып баратканын маалымдайт. Британ баш калаасындагы шиит мусулмандарынын руханий лидери Мевлана Сейид Али Раза Ризви өзүн ислам өлкөлөрүнө караганда мусулманчылык ыбадаттарын ишке ашырууда Лондондо эркин сезерин айткан.

Ислам - сүйүү менен адилеттиктин дини. Бирок айрым лидерлер аны өз максатына колдонуп жатышат”, - деди Мевлана Сейид.

Ал Рим католик чиркөөсүнүн кардиналы Винцент Николс жана Англия, Уэлс католик чиркөөсү жана жөөт рабийи Ибрахим Мирвис менен Лондондо жолугушту. Жолугушууда диндер аралык диалог темасы козголду.

Акыркы мезгилде Британияда мусулман динин тутунгандардын саны улам көбөйүп баратканы айтылууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG