Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:14

Таласта Германиядан бекер дарылана турган балдар тандалат  


14-15-мартта Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда оор дартка чалдыккан балдар медициналык кароодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат борборунун кеңешчиси Елена Баялинова “Азаттыкка” билдирди. Анда 1 жаштан 11 жашка чейин тубаса оорулуу балдар жана ар кандай кырсыктардан кийин майып болуп калгандар иргелип, Германиянын клиникаларына бекер дарыланууга жөнөтүлөт. Тандоодо аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына басым жасалат.

Медициналык текшерүүнү германиялык Friedensdorf International кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү жана кыргызстандык тажрыйбалуу дарыгерлер жүргүзөт. Саламаттык сактоо министрлиги менен аталган уюмдун келишимине ылайык, 2013-жылдан бери 24 кыргызстандык бала акысыз Германияга барып, анын 16сы ийгиликтүү дарыланып кайтты. Калганын дарылоо курсу уланууда. Уюм бир жылда бир жолу өлкө аймактарында текшерүү жана тандоо иштерин өткөрүп келет. Талас облусунун дарыланууга муктаж балдардын документтери былтыр октябрдан 10-мартка чейин кабыл алынды. Арыз берген 360 баланын 174ү текшерүүгө чакырылды. (NT)

XS
SM
MD
LG