Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Мамонттун калдыктары тууралуу Илимдер академиясына расмий маалымат келе элек


Мамонт калдыктары табылган жер.
Мамонт калдыктары табылган жер.

Бул туурасында “Азаттыкка” Илимдер академиясынын Археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева билдирди. Анын айтуусунда, окумуштуулар азырынча бул маалымат менен басма сөз каражаттарынан кабардар болгонун, расмий маалымат алары менен окумуштуулар тобу Ысык-Көлгө бара тургандыгын билдирди.

Ташбаева бул уникалдуу жана өтө баалуу табылга болушу мүмкүн экендигин белгилеп, мындай калдыктар 90-жылдарын башында Таласта дагы табылганын кошумчалады. Мамонттун калдыктары Ысык-Көл облусуна караштуу Отрадное айыл өкмөтүндө Жыргалаң суусуна жакын жерде табылганын 14-март күнү облустук акимчилик билдирген. Ушул тапта аталган аймак тосулуп, милиция кызматкерлери тарабынан кайтарылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG