Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Аксыдагы митинг аягына чыкты


Аксыдагы өткөн жылкы митинг, 17-март, 2015-жыл.
Аксыдагы өткөн жылкы митинг, 17-март, 2015-жыл.

Митингди уюштуруучулардын бири Шекербек Камчыбек уулунун“Азаттыкка” билдиришинче, митингге чыккан 500гө чукул эл социалдык фондго төлөмдөрдү жеңилдетүү, электр энергиясына тарифтерди арзандатуу, мамлекеттик камсыздандыруу мыйзамын жокко чыгаруу, чек ара маселелерин чечүү жана балдарга жөлөкпул берүүдөгү документ иштерин жөнөкөйлөтүү талабын коюшту.

Алар коюлган талаптардын так аткарылышы үчүн өкмөткө 15 күн убакыт бергенин билдиришти. Жыйын катышуучулары 24-мартта Ошто өтө турган оппозициянын митингине чакырылса сөзсүз катышарын билдиришти.

Митингге катышкан райондун акими Медетбек Айдаралиев акцияда талап коюп 70тей киши келгенин, андан башка дагы 70тей киши митингдерге каршы болуп, жазгы жумуштарга жолтоо болбоого чакыргандыктарын билдирди.

Аксыда мындай акция феварль айында дагы уюштурулган болчу. (AzK/RsK)

XS
SM
MD
LG