Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Өкмөт каатчылыкты жеңүү боюнча көпчүлүк коалицияга отчет берет


Өрүкзарлуу Баткен.
Өрүкзарлуу Баткен.

Өкмөт толук курамы менен 14-мартта быйылкы экономикалык жагдай, аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландар, кризистен чыгуунун жолдору тууралуу парламенттеги көпчүлүк коалиция алдында маалымат берет. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин антикризистик программанын өзөгүн экспортко товар чыгарган ишканаларды колдоо, ишкерлерди узак мөөнөткө, жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо, лизингди өнүктүрүү түзөрү айтылган. Өкмөт башчы текшерүүлөрдү токтотуу, Евразия экономикалык биримдигинин базарына чыгууга ишкана, ишкерлерге жардам берүү маселесин белгилеп келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG