Кыргызстанда 15-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаан-чачын өтөт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12 градус жылуу,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 9...14,
Баткенде түнкүсүн 2...7, күндүз 8...13 градус жылуу,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8
Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9 градуска көтөрүлөт.
Бишкекте 15-мартта жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1...3 градус, күндүз 9...11 градус жылуу болот. (AzK)