Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Сот реформасы боюнча жарандык диалог жаралат


Бул туурасында “Азаттыкка” укук коргоочу Рита Карасартова билдирди. Анын айтуусунда, 28-мартта сот реформасы боюнча кызыкдар тараптардын бардыгы чогулуп, бул тармактагы мыйзамдар кандай кабыл алынып жатат, алардын канчасы иштеп, канчасы ара жолдо калганын аныктап, мониторинг жүргүзүп, реформанын мындан аркы багытын аныкташмакчы.

Укук коргоочу бүгүнкү күндө реформа жүргүзүү максаты жеке кызыкчылыктарды жылдыруу аракетине алмашып калгандыктан, жыйынтык болбой жатканын белгилейт.

Бүгүн сот реформасы боюнча кеңеш кезектеги жыйынга чогулуп, сот тармагындагы реформанын жүрүшү жана тиешелүү мыйзам долбоорлорун карап, сотторду тандоо сынагынын талаптарын өзгөртүү боюнча бир нече сунуштарды беришти. (AzK)

XS
SM
MD
LG