Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Өкмөт 2397 адамдын доллар менен алган ипотека насыясын сомго алмаштырды


Бул туурасында бүгүн өкмөт башчы Темир Сариев коалициялык көпчүлүккө антикризистик чаралар туурасында маалымат берип жатып билдирди.

Бүгүнкү күндө 2397 жарандын 2 миллиард 641 миллион сом өлчөмүндөгү насыясы алмаштырылды.

Насыя 62, 14 сомдук курс менен которулду. Бул Улуттук банктын 2015-жылдын 1-июлуна карата расмий курсу болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG