Анык бир жеңүүчү болбогондуктан Ирандагы 69 округда шайлоонун экинчи туру өтөт. Бул тууралуу Иран борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Али Мотлахтын билдирди.
Шайлоо 29-апрелге белгиленди.
Ирандын шайлоо мыйзамына ылайык, парламент мүчөсү бир округдан 25% кем эмес добуш алышы керек.
Өлкөдө 26-февралда өткөн парламенттик шайлоодо Иран президенти Хасан Роуханинин тарапташтары ири ийгиликке жетишкен болчу.
Эксперттер ассамблеясын шайлоодо да президент тараптагы байистүүлөр жана реформаторлорго көп орун тийген.