Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:26

Орусия Сириядагы аскерлеринин негизги бөлүгүн чыгара баштайт


Орус президенти Владимир Путин Сириядагы аскерлердин негизги бөлүгүн бүгүндөн тартып чыгаруу буйругун берди. Ал Сириядагы cаясат кандайдыр бир деңгээлде өз максатына жеткенин, эми конфликтке чекит коюу боюнча тынчтык жараяндагы ролун күчөтүүгө тийиштигин белгиледи:

- Бул чечим тынчтык орнотуу жараянынын катышуучуларынын ишенимин жогорулатып, Сирия көйгөйүн тынч жол менен чечүүгө көмөктөшөт деген үмүттөмүн.

Ошол эле маалда Путин Орусиянын Тартус менен Хмеймимдеги аскердик базалары мурдагыдай иштей берерин жана калган аскерлер ок атууларды токтотуу тууралуу келишимдин аткарылышын көзөмөлгө аларын кошумчалады. Кремль Сирия президенти Башар Асадды акыркы бүтүмү менен кабардар кылды. АКШ президенти Барак Обамага да маалымат берилип, ал орус бийлигинин кадамын кубаттады.

Ал эми Сириядагы оппозиция өкүлдөрү орус аскерлерин чыгаруу аракети байкалбай жатканын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG