Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Орусия Сириядан аскерий техникасын чыгарууга киришти


Орусиянын жарандык активисти Владимир Ионовдун пикети.
Орусиянын жарандык активисти Владимир Ионовдун пикети.

Президент Владимир Путиндин Сириядан Орусиянын аскер бөлүктөрүн чыгарууну баштоо тууралуу буйругунан соң өлкөнүн коргоо министрлиги бүгүндөн тарта аскер техникаларын чыгарууга киришти. Министрлик Сириядагы авиабазанын техникалык персоналы учактарды Орусияны көздөй алыскы сапарга даярдап жатканын, аскерлер жабдыктар менен материалдык-техникалык каражаттарды учактарга жүктөй баштаганын билдирди.

Путин кечээ аскерлер алдына коюлган милдетти негизинен аткарып бүткөнүн айтып, орус аскерлеринин чыгарылышы Сирия чатагын саясий жол менен чечүүгө өбөлгө түзөрүнө үмүт арткан.

Сирияда Орусиянын элүүдөн ашуун истребители менен тик учактары, аларды жерден коргоочу система, бир канча аскерий кеңешчилер жана сириялык аскерлер менен иштешкен атайын топтору жайгашкан.

Президент Путиндин айтуусунда, Тартустагы аскер-деңиз базасы менен Латакия провинциясындагы Хмеймим авиабазасындагы орус аскерлери кала берет. Сирияда абадан бомба таштаган учактардын көпчүлүгү ушул авиабазада жайгашкан.

XS
SM
MD
LG