Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

Кочкор районуна жаңы аким шайланды


Район башчысын шайлоого жергиликтүү кеңештин 151 депутатынын 140ы катышып, жыйынтыгында 83 депутат Нурлан Керимкуловго добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Буга чейин премьер-министр тарабынан аталган кызматка Нурлан Керимкулов, Бурканбек Акишов, Нурлан Эшмуканбет уулу, Жакшылык Замирбековдун талапкерлиги сунушталган.

Ушул жылдын февраль айынын башында Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбеков кызматынан алынган. Ага башкы прокуратура Жусупбековдун эки жолу соттолгонун белгилеп, аны кызматтан алууну сунушташы себеп болгон. “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” мыйзамга ылайык, мурда соттолгон жаран аким болуп иштей албайт.

Жергиликтүү кеңеш 2014-жылы үч талапкердин ичинен Нурбек Жусупбековду Кочкордун акими кылып шайлаган. (MiK)

XS
SM
MD
LG