Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:22

Түркия 45 күрт козголоңчусу тындым болгонун кабарлады


Түркиянын согуштук учактары
Түркиянын согуштук учактары

Түркия өлкө авиациясынын Ирактын түндүгүндөгү аба соккуларынан кеминде 45 күрт козголоңчусу өлтүрүлгөнүн кабарлады. Аба соккулар Күрт жумушчу партиясынын чептерине Анкарада 37 адамдын өмүрүн алган жекшембидеги жардыруудан соң урула баштаган.

Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглу чабуулду "күрт козголоңчулары жасаганы" бийликке белгилүү экенин билдирген. Түрк армиясы бүгүн тараткан билдирүүдө аталган партиянын согушкерлери орун-очок алган тоолуу Кандил районуна урулган аба соккуларынан курал-жарак кампасы жана эки ракеталык чеби талкаланганы айтылат. Бирок бул билдирүү азырынча башка булактар аркылуу ырастала элек.

13-марттагы жардыруу Түркия баш калаасында соңку беш ай ичиндеги үчүнчү террордук чабуул болду. Өткөн жайдан тарта Түркия "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен Күрт жумушчу партиясынын чептерине аба соккуларын урууга киришкен.

XS
SM
MD
LG