Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Кара-Балтада тонолгон инкассаторго жалган көрсөтмөсү үчүн кылмыш иши козголду


ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, «Крокус Секьюрити» күзөт агенттигинин кызматкерине май куюучу жайдан түшкөн акчаны ташуу милдети жүктөлгөн. Бирок инкассатор кол салуу болду делген күнү жобону бузуп, жанында шериги жок жүргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал берген көрсөтмөдө бир нече карама-каршылыктар бар экени байкалып, тергөөнү адаштырууга аракет жасалганы аныкталган.

2016-жылдын 1-февралында Кара-Балта шаарына жакын жерде жолдо белгиcиз жарандар «Хонда Одиссей» маркасындагы инкассатордун унаасына кол салып, 1 миллион 250 миң сомду карактап кеткени кабарланган. Унаадагы инкассатор кол салгандар МАИ кызматкеринин кийимин кийип алган жарандар болгонун, алар аны бутка атып, акчаны тоноп кеткенин билдирген.

Ушул тапта козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөө иштери уланууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG