«Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы» 14-марттан 22-мартка чейин созулат. Анын ичинде жети күн бою Кыргызстандын алыскы аймактарында, айылдарда окуучулар менен студенттер үчүн атайын окутуп үйрөтүүчү иш-чаралар, көчмө лекциялар, финансылык мекемелерге экскурсиялар, коммерциялык банктарда, мамлекеттик мекемелерде ачык эшиктер, чеберлер классы, тренингдер, тегерек столдор, викторина, олимпиада, сынактар өңдүү 200гө жакын иш-чаралар уюштурулат.
Жумалык «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы» - «Катыш! Акчаны акыл менен топто!» деген ураандын алдында өтүүдө. Анын негизи максаты - жаштарга акчанын, финансылык институттардын, финансылык рыноктун иштешин, алар эмнени түшүндүрөрүн, кредит алуу жана аманат жасоо деген түшүнүктөрдү чечмелеп берүү, акчаны сарамжал пайдалануу маданиятын үйрөтүү болуп саналат.
Өнөктүктү Улуттук банк жетектейт.(AzK)