Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Облустук бийлик Ак-Сууда табылган байыркы жаныбардын сөөгүн тезинен изилдөөнү сунуштайт


Ысык-Көл облусунун жетекчилиги өткөн жума соңунда Ак-Сууда табылган байыркы жаныбардын сөөгүн тезирээк изилдөөнү өкмөткө сунуштаганын губернатордун орун басары Рита Борбукеева "Азаттыкка" билдирди. Мындай уникалдуу табылганы эртерээк жеринен изилдеп карабаса, күндөн, жаандан үбөлөнүп жок болуп кетиши ыктымал.

Бүгүн Илимдер академиясында окумуштуулардын тобу түзүлүп, экспедицияны каржылоо боюнча өкмөткө кайрылуу жолдонду.

10-мартта Ак-Суу районунун Отрадное айылынан байыркы мезгилдеги жаныбарга таандык делген сөөктү жергиликтүү тургундар табышкан. Азыркы тапта ал жерди милиция кайтарууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG