Бельгия баш калаасында Париждеги теракттын башкы уюштуруучусу деп шектелип жаткан Салах Абдесалам атып өлтүрүлгөнү кабарланууда. Кечээ террордук чабуулдарды уюштурууга шектелгендерди издөө учурунда полицияга ок атылган. Атышуудан төрт полициячы жаракат алган.
Былтыр жыл этегинде Брюсселде Франциядагы террордук чабуулга шектелип 11 киши кармалган эле. Башкы уюштуруучулар делген Салах Абдесалам менен Мухаммед Абрини изделип жаткан.
Парижде 2015-жылдын 13-ноябрындагы кол салуулар менен жардыруулардан 130 адамдын өмүрү кыйылган. Бул үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган.