Ага Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек баштаган делегация катышууда. Делегация курамында жети депутат, 10 ашуун ишкер бар. Аталган делегация 16 - 17-мартта Кыргызстандын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышат.
Ошондой эле Кыргызстандагы «Интергельпо» чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылуу аземине катышмакчы.(AzK)