Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Жол эрежесин бузган унаа кимдин атына катталса ошол айыбын төлөйт

Бишкектин жол кыймылы.
Бишкектин жол кыймылы.

Мындай кабарды “Коопсуз шаар” долбооруна арналган маалымат жыйынында ИИМдин Жол кайгуул-көзөмөл кызматынын башчысы Ыманалы Саркулов ырастады.

Анын айтуусунда, унаа кимге катталса, ал ээси болуп саналат. Мындан улам менчик ээси өзүнүн унаасын кимге сатышты же укугун бирөөнө берүүнү алдын-ала ойлонушу керек.

Жаңы жобого ылайык, эгер унаа катталган адам айыпты төлөбөсө, анда анын үстөгү өсүп, унаа мажбурлап токтотулуучу жайга коюлат.

ИИМдин маалымдашынча, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы унаалардын 60-70 пайызы ишеним кат аркылуу сатылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG