Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Аксы окуясына эртең 14 жыл болот


Аксы окуясында курман болгондорго тургузулган эстелик
Аксы окуясында курман болгондорго тургузулган эстелик

Укук коргоочу Турсунбек Акун бул күндү утурлай аймактан келген активисттер менен биргеликте Ала-Тоо аянтына барып гүлчамбарларды коюшту.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, 6 адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөнгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.

Бул окуянын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Акаевдик бийликтин тушунда негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын бир даары сот жообуна тартылышкан. Бирок алардын баарына аз өтпөй эле мунапыс берилген. Кийинки президент Курманбек Бакиевдин тушунда да Аксы окуясы боюнча иш кайра козголуп, бирок Жогорку Сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган. 2011-жылы азыркы бийлик да Аксы окуясы боюнча сот иштерин кайрадан карап чыгууга киришип, бирок чыккан чечимдерде олуттуу өзгөрүү болгон эмес. (AzK)

XS
SM
MD
LG