Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Орусия Сириядан дагы бир канча учактарын алып кетти


Сириядан Орусияга кайтып келе жаткан согуштук учактар

Москва аскерий учактарынын дагы бир тобун бүгүн Сириядан алып чыгып кеткенин Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. Сириядан кайткан учактар арасында Су-25 үлгүсүндөгү сокку уруучу жана Ил-76 үлгүсүндөгү аскерий-унаа учактары бар.

Орус президенти Владимир Путин 14-март күнү Сириядагы орус кошуундарын алып чыгып кетүү боюнча буйрук чыгарган. Алгачкы топ 15-мартта чыгып кете баштаган.

Москва союздашы саналган Башар Асадды колдоо үчүн беш ай мурун Сирияда оппозицияга каршы сокку урууларды баштаган эле.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG