Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Чехиянын эки компаниясы менен чакан ГЭС куруу боюнча келишимге кол коюлат


Темир Сариев Чехиянын парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган делегация менен жолугушту.
Темир Сариев Чехиянын парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган делегация менен жолугушту.

Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев Чехиянын парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган делегация менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бул долбоорлордун баасы 190 миллион долларды түзөт.

Ошондой эле Сариев Прага-Бишкек-Сеул авиакаттамын ачуу, Кыргызстандын туристтик жаатта кызматташуусун өнүктүрүү маселесин көтөрдү.

Чехиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова Чехия Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин, соода-экономика, маданий жана туризм тармактарында долбоорлорду талкуулоого даярдыгын билдирди.

Жети депутат, ондон ашык ишкерлерден турган Чехиянын делегациясынын иш сапары эртең жыйынтыкталат. (AzK)

XS
SM
MD
LG