Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Кадамжай: өзбекстандык айдоочуларга машинаны этияттап айдоо эскертилди


16-мартта Кадамжай районундагы Абдыкадыр Орозбеков айылынын аймагында 8 жаштагы баланы Өзбекстандын Фергана облусунан Сох анклавына бара жаткан автобус сүзүп кеткен. Өспүрүм окуя болгон жерден каза тапкан. Ал жерге чогулган айылдыктар өзбекстандык жаранга тиешелүү автобустун айнектерин талкалап салган.

Окуя курчуп кетпесин деген максатта автобустагы өзбекстандык жүргүнчүлөрдү Кыргызстандын укук коргоо кызматкерлери узатып коюшканын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ошондой эле кошуна өлкөнүн жергиликтүү расмий жетекчилерине өз жарандарына унааларын Кыргызстандын аймагында этияттап айдоону эскертүү айтылган.(JsA)

XS
SM
MD
LG