Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Украина: Арызын жазган башкы прокурор кайра эле ишин улантууда


 Виктор Шокин.
Виктор Шокин.

Өткөн айда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган башкы прокурор Виктор Шокин кайра ордунда иштей баштаганын мекеменин маалымат кызматы ырастады. Шокин коомчулукта реформаларга жолтоо болуп жатат, деген айыптоолордон кийин ээлеген кызматын таштоону чечкен.

Жогорку Раданын тармактык комитети кечээ аны кызматтан алуу маселесин парламенттин жалпы добушуна коюу демилгесин көтөрдү. Бирок башкы прокурордун орун басары Владислав Куценко отставканы кабыл алуу үчүн жетиштүү добуш топтолбой турганын айтууда. Буга чейин АКШ менен Евробиримдик украин президенти Петр Порошенкого мамлекеттик башкаруудагы реформаларды жүргүзүүдө Шокинди кызматтан четтетүүнү бир нече ирет сунуштаган.

XS
SM
MD
LG