Аксы районундагы кандуу окуя бүгүн жеринде президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда эскерилет. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов билдирди.
Окуя болгон Боспиек айылында эскерүү митинги өтүп, маркумдарга куран окулат. Ага Аксы окуясында мерт кеткендердин жакындары, жаракат алгандар, бийлик өкүлдөрү жана башка район тургундары катышат.
Атамбаев Аксы окуясынын 14 жылдыгын утурлай кечээ Ошко сапар менен барган. Анын жүрүшүндө кандуу окуяга кайрылып, бийликтин адилетсиз саясатына каршы алгач Аксынын тургундары күрөш баштап, туруштук бергенин, демократия үчүн курман болгон жарандар унутулбай турганын белгиледи.
Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекет башчынын демилгеси менен Кербенде бүгүн 400 адамга сый-тамак да берилмекчи. (NT)