Чеченстандын борборунда орусиялык белгилүү укук коргоочулардын бири Игорь Каляпинге кол салуу болду. Беткап кийген белгисиз адамдар ага жумуртка, сыр жана торт ыргытышып, уруп-сабашкан. Кыйноолордун алдын алуу комитетин жетектеген Каляпин Чеченстанга 1996-жылы орус аскерлерине каршы согушка катышкан, деп айыпталган эки украин атуулу боюнча ишке көз салуу үчүн барган.
16-мартта Грозныйдагы ал жайгашкан мейманкананын тейлөөчүсү куралчан адамдар менен келип чыгып кетүүнү талап кылышкан. Көчөдө 15 чакты кишинин кол салуусуна кабылган. Окуяга күбө болгон “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысынын билдирүүсүндө, укук коргоочу көп жабыркаган эмес.
Бир жума мурун Кыйноолорду алдын алуу комитетинин активисттер менен журналисттер түшкөн кичи автобусу Грозныйга баратканда кол салууга учураган эле. Союл жана бычак менен куралданган белгисиз адамдар журналисттердин фотоаппарат, камераларын талкалап, тоноп кетишкен.