Бул туурасында Индиянын Кыргызстандагы элчиси Джаянт Кхобрагаде өкмөттүн Ысык-Көл обулусу боюнча өкүлү Асхат Акибаев менен жолугушууда билдирди.
Тараптар сүйлөшүүдө маданият, туризм тармагындагы кызматташуу жолдорун талкуулашты. Элчи Индия Кыргызстанда быйыл өтө турган “Салам, Ысык-Көл” туристтик жармаңкеси жана экинчи ирет өтчү көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюну өңдүү ири иш-чараларга катышууга кызыкдар экенин белгиледи.
Мындан тышкары тараптар Жети-Өгүз районунда биргелешкен илимий лабораториянын курулушу быйыл баштала турганын белгилешти. (AzK)