Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

АКШ Орусия учактарынын айрымдары гана чыгарылганын билдирди


Орусиялык СУ - 24М аскер учагы Сириядагы Хмеймим аба базасында.16-март, 2016-жыл.
Орусиялык СУ - 24М аскер учагы Сириядагы Хмеймим аба базасында.16-март, 2016-жыл.

Мындай маалыматты жарыя кылган полковник Стив Уоррен азыр Сириядан 10 чакты орус учагы чыгарылганын, анча көп эмес аскер бөлүмдөрү кетүүгө камынып жатканын ырастады. Уоррен орусиялык аскер учактары көккө көтөрүлүп жатканын, бирок аба соккуларын жасабаганын кошумчалады.

Сирия аскерлерин колдоп, Ислам мамлекети террордук уюмуна каршы Пальмиранын жанында согушуп жаткан Орусиянын артиллериялык бөлүмдөрү өз орундарында калган.

- Азырынча Орусиянын ниетин түшүнүү кыйын, эң негизгиси, биз мындай жарыяны күткөн эмеспиз. Ошондуктан биз алардын сөзү менен аракетин салыштырып жатабыз жана окуянын өнүгүшүн түшүнүү үчүн күтө турушубуз керек,- деди Уоррен.

Президент Владимир Путин 15-марттан тарта Орусиянын Сириядагы күчтөрүнүн негизги бөлүгүн чыгара баштоону буйруган. Ал аскерлер алдына коюлган милдетти негизинен аткарып бүткөнүн айтып, орус аскерлеринин чыгарылышы Сирия чатагын саясий жол менен чечүүгө өбөлгө түзөрүнө үмүт арткан.(AzK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG