Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтуусунда, шайлоочулар биометрикалык маалыматын тапшырып, бирок добуш берүүгө ID картасы жок келсе добуш бере алышпайт. Добуш берүүдө жалпы жарандык паспорт, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт жарабайт.
Ушул тапта жарандарды аныктоо жөрөлгөсүн жакшыртуу боюнча тестирлөө өткөрүлүп, ага 800дөй киши катышты.
Ош, Кемин, Токмок, Балыкчы жана Караколдо шаардык кеңешке шайлоо 27-мартта өтөт. (AzK)