Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Баку соту тыңчылыкта айыпталган журналисттин жазасын жеңилдетти


Azerbaijan -- Journalist Rauf Mirgadirov released - 17Mar2016
Azerbaijan -- Journalist Rauf Mirgadirov released - 17Mar2016

Азербайжанда мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарган деген айып менен 2015-жылдын декабрында 6,5 жылга камалган журналист Рауф Миркадировдун жазасын Баку шаардык соту жеңилдетти. Анын үстүнөн чыккан чечим беш жылдык шарттуу камакка алмаштырылып, сот залынан эле бошотулду.

Былтыр 28-декабрда түрмөгө кесилген Миркадиров Армениянын пайдасына тыңчылык кылып жүргөн деп айыпталган эле. Орус тилинде жарык көрчү “Зеркало” гезитинде иштеген журналисттин жакындары аны саясий негизде камалганын айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG