Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

Жанарбек Кенжеев Олимп оюндарына лицензия утуп алды


Жанарбек Кенжеевдин Азия оюндарындагы коло байгени жеңиши, 2014-жыл.
Жанарбек Кенжеевдин Азия оюндарындагы коло байгени жеңиши, 2014-жыл.

Астанада өтүп жаткан Азия чөлкөмүндөгү балбандар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймашта грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеевдин утушу тууралуу Спорт күрөшү боюнча федерация билдирди.

Ал индиялык, жапониялык балбандарды жеңип, финалга чыкты. Эми ал кытай балбаны Фей Пенг менен күрөшөт. Эреже боюнча лицензия финалга чыккан спортчуларга берилет.

Бул таймашта 2016-жылкы Олимп оюндарына 36 жолдомо ойнотулууда. Турнир 20-мартта аяктайт. Ушуну менен Кыргызстандын капчыгында Рио-де-Жанейро шаарында боло турган Олимп оюндарына 5 жолдомо топтолду. Алардын төртөө Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Карабицкая (жеңил атлетика) жана Арсен Эралиевге (грек-рим күрөшү) таандык.

Кыргыз паралимпчилери Калиев Эсен менен Орозбаев Жыргал дагы пауэрлифтинг боюнча лицензияларды жеңип алышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG