Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Тендерди текшерчү депутаттык комиссиянын иши узартылды


Кыргызстанда жол куруу боюнча тендерлерди кытайлык компаниялар утуп алат.
Кыргызстанда жол куруу боюнча тендерлерди кытайлык компаниялар утуп алат.

Унаа жана байланыш министрлиги өткөргөн тендерлердин ачыктыгын иликтеген депутаттык комиссиянын мөөнөтү эки айга узарды. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, депутат Талант Мамытов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, иликтөөнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар ачыкка чыкты.

Балыкчы-Корумду автожолун куруу боюнча жарыяланган тендерде лицензиясы жок Кытай компаниясы утуп алган. "Кытайлык эки бала студенттик виза менен келип тендердин жеңүүчүсү деп жарыяланган. Алардын Кыргызстанда каттоосу да болгон эмес",- деди ал.

Депутаттар Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна байланышкан коррупция боюнча жыйынтыкты майда чыгарат. Буга чейин Кыргызстандагы курулушчулар министрлик жарыялаган тендерлерде азыраак сумма сунуштаган жергиликтүү ишканалар эмес, Кытайдын компаниялары утуп жатканын айтып, парламентке кайрылышкан. Былтыр декабрда маселени иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG