Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

ЕБ Крымдын аннексиясын тааныбасын дагы бир жолу ырастады


Бүгүн таратылган билдирүүдө Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Федерика Могерини 28 өлкө кирген уюм эл аралык укуктук эрежелерди бузган аннексиялоону айыптоону уланта берерин белгиледи. Ошондой эле ал биримдик Крымда аскерлердин көбөйүшүнө, адам укуктарына байланышкан жагдай начарлап, сөз эркиндиги менен тынч жыйындарды өткөрүү укугу чектелишине, улуттук азчылыктардын, тактап айтканда крым татарларынын өкүлдөрүн куугунтуктоолорго терең тынчсызданарын билдирген.

Билдирүүдө Орусияны Крымда 2014-жылы кармалып, былтыр августта террорчулук беренеси менен 20 жылга камалган украин кинорежиссеру Олег Сенцовду бошотууга чакырык да ташталган. Сенцов менен бир катар укук коргоо уюмдары бул айыптоону саясий себептер менен байланыштырып келет.

Мындан туура эки жыл мурда Орусия Украинага караган Крым жарым аралын аннексиялап алган.

Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча өткөн референдумдун жыйынтыгын эл аралык коомчулук тааныган эмес. Жарым аралды Бириккен Улуттар уюмуна мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү дале Украинанын бир бөлүгү катары санайт.

XS
SM
MD
LG