27-мартта боло турган Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна катыша турган шайлоочулардын так саны 25-мартта жарыяланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык паспорт-виза кызматынын жетекчиси Ринат Алиев билдирди. Анын айтуусунда, ушул тапта 117 миң шайлоочунун тизмеси такталып бүттү. Бирок тизмени тактоо 25-мартта жыйынтыкталат.
Ошто добуш берүү үчүн 73 шайлоо участогу уюштурулган. Шаардык кеңештеги 45 орунга 13 партиядан 1040 талапкер ат салышат. Шайлоочулар үчүн тизмеге кирүү, катталуу иштери 12-мартта токтотулган. 27-мартта Оштон тышкары дагы беш шаарда жана 23 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. (YI)