Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленет


Нооруз.
Нооруз.

Бишкектеги эски аянтта өлкөдөгү чет элдик дипломаттардын катышуусунда кайрымдуулук жармаңке жана концерт уюштурулат. Андан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалмакчы.

Негизинен Бишкектеги майрамдык иш-чаралар Ала-Тоо аянтында расмий ачылып, бир катар маданий, спорттук иш-чаралар өтөт. Быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып, бардык райондор, жаңы конуштарда элдин маанайын көтөрүүгө көңүл бөлүнгөнүн Бишкек шаардык мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгынын жетекчиси Малик Ракишев “Азаттыкка” билдирди.

Нооруз майрамына карата бүгүн Бишкектеги Карылар үйүндө жана башка социалдык мекемелерде майрамдык иш-чаралар, “Ыр кеселер” уюштурулат. “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү боюнча финалдык оюндар өтөт.

Ноорузга карата Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдык, спорттук иш-чаралар даярдалууда. Түркиядан башка чет мамлекеттердеги мекендештер да чогулуп, жөрөлгөлөрдү өткөрүп жатышат. Кыргызстандыктарга жана президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Түркия, Азербайжан, Ооганстан, Казакстан, Тажикстан жана Кытайдын жетекчилери куттуктоо жолдошту. (NT)

XS
SM
MD
LG