Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Түркия Стамбулдагы жардыруу үчүн ИМди айыптады


Түркия желеги.
Түркия желеги.

Түркиянын Тышкы иштер министри Эфкан Ала Стамбулда өзүн-өзү жардырган жанкечти “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөсү экенин билдирди.

- Жанкечтинин 1992-жылы Газиантепте туулганы аныкталды. Азыр анын шериктери барбы-жокпу, иликтенүүдө,- деди Эфкан Ала.

Стамбулдун борборунда 19-мартта болгон жардырууда төрт адам каза таап, 36 киши жараат алган. Мерт кеткендердин үчөө Израилдин, бири Ирандын жарандары. Жабыркаган он бир адам да Израилдин атуулдары экени кабарланды. Жекшембиде каза болгондордун сөөгү мекенине жеткирилди.

XS
SM
MD
LG