Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Сариев: Кыргыз мамлекетинин максаты бийик, келечеги кең


"Кыргыз мамлекетинин максаты бийик, келечеги кең!" деп айтылат өкмөт башчы Темир Сариевдин Ноорузга карата кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда.

Премьер-министр "алдыбызда биз ашаар улуу белдер турат, ал үчүн каруубуз бир колдо, күчүбүз бир билекте чогуу болуп, ынтымактын, ырашкерликтин, биримдиктин туусун бийик көтөрүп, эл, жер, жаркын келечек үчүн талыкпаган эмгек менен бирге баралы" деп үндөдү.

Бүгүн Нооруздун урматына жер-жерлерде майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.

Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында чогулгандарды мэр Албек Ибраимов куттуктады. (RK)

XS
SM
MD
LG