Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Жаштарды өзбек чек арачыларын кууп чыгууга үндөгөн жаран аныкталды


Ноокат райондук милициясы интернет аркылуу жаштарды чек арада күч колдонууга үндөгөн жаран ким экенин аныктады. Бул тууралуу бүгүн Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Кечээ, 20-мартта Youtube порталына чөнтөк телефонго тартылган 1 мүнөттүк видео чыккан. Анда эки адам кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды президент да, депутаттар да чече албасын айтып, өзбек аскерлерин күч менен кубалап чыгууга жаштарга чакырык жасаган. Алар 200дөй бала машина менен Аксыны көздөй баратканын айткан.

Бирок милиция териштире келгенде видеодо сүйлөгөн Ноокат районунун Кара-Таш айылынын эч жерде иштебеген 30 жаштагы тургуну шериги менен Ноокаттан Аксыга эмес Кызыл-Кыя шаарына автоунаа менен бара жатып, ушундай кылууну чечкени аныкталды.

"Чынында алар Аксыга баруу ниети болбогонун билдирди. Учурда топтолгон материалдар Ноокат РИИБнин Кылмыштарты каттоо китебине киргизилди, териштирүү жүрүп жатат" деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. (YI)

XS
SM
MD
LG