Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Милиция УКМК менен бирге чагымчылдыкка каршы комплекстүү иш-чара жүргүзүүдө


Милиция атайын кызмат менен бирге чагымчылдыкка каршы комплекстүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, чек арадагы соңку кырдаалга байланыштуу айрым ушак-айың сөздөр, чакырыктар атайылап таратылып жатышы ыктымал:

- Булар сөзсүз жоопко тартылат кандай болгон чакта да. Тамашалап жатабы же эки элди чын эле урушка чакырып жатабы...

18-мартта кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесине өзбек чек арачыларынын кирип алышы Кыргызстандын нааразылыгын жаратууда. Азырынча маселе чечиле элек.

Ал ортодо өзбек аскерлерин ал жактан күч менен кубалап чыгууга үндөгөн, Өзбекстан ок чыгарды деп жалган маалымат тараткандар чыгууда. (RK)

XS
SM
MD
LG