Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Орусиянын дагы төрт спортчусунан допинг табылды


Бул тууралуу бүгүн Орусиянын жеңил атлетчилер федерациясы өзү билдирди.

Маалыматка караганда, тыюу салынган мельдоний дарысын колдонду деп эми жеңил атлетчилер Ольга Вовк, Гульшат Фазлетдинова, Андрей Минжулин, ошондой эле жөө күлүк Надежда Котлярова шектелип жатат.

"Р-Спорт” агенттигинин жазганына караганда, быйыл январдан бери Допингге каршы бүткүл дүйнөлүк агенттик тыюу салган дарыны колдонгону билинген орусиялык спортчулардын саны кеминде 16га жетти.

Быйыл 7-мартта мельдонийди колдонгонун орусиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова да мойнуна алып, ал дарыны акыркы он жылдан бери ичип келгенин ырастаган. (UE)

XS
SM
MD
LG