“Дождь” телеканалы билдиргендей, муну Москвадагы “Левада борбор” жүргүзгөн соңку сурамжылоонун жыйынтыгы көргөзүүдө.
Сурамжылоого караганда, азыр да Путинге толугу менен ишенишерин суралгандардын 21% айткан. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 26% болчу.
Путинге ишенерин так кесе айта албагандар акыркы сурамжылоодо 52%ды түзгөн, бир жыл мурда бул катмардагылар 57% болчу.
Ал эми ишенбегендер саны былтыркыдай эле 14%. Жалпылап алганда Путинге ишенгендер саны былтыркыдан быйыл 10% төмөндөгөн.
Мындан сырткары Путинге “суктануу” менен карагандар саны 10%дан 8%га түшсө, ага “бейтарап же кайдыгер” карагандар 10%дан 15%га көбөйгөн.
Ошондой эле суралгандардын 17% президент коррупциялашкан саясатчылар менен байланышта деп эсептешет.
2014-жылдын жазында, Орусия Крымды аннексиялаган кезде Путиндин рейтинги 64%дан 86%га чыккан.
Ал эми 2015-жылдын октябрында социологдор Путиндин рейтинги 89,9%га чейин көтөрүлгөнүн билдиришип, муну Орусия Сирияда аскерий операция баштоосу менен түшүндүрүшкөн. (UE)