Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Барак Обама: Кубанын келечегин эл өзү аныктайт


Барак Обама менен Рауль Кастронун жолугушуусу, Гавана, 21-март, 2016-жыл.
Барак Обама менен Рауль Кастронун жолугушуусу, Гавана, 21-март, 2016-жыл.

Демократия жана адам укуктары боюнча пикир келишпестиктерге карабай, АКШ менен Куба өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама менен Кубанын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Рауль Кастронун жолугушуусунан кийин башталган маалымат жыйында айтылды. Обама эки мамлекеттин алакасы бир түндө эле өзгөрүп кетпей турганын, ошол эле маалда Вашингтон Гавана менен байланышты өнүктүрүүгө даяр экенин, быйыл америкалык авиакомпаниялардын түз каттамдары калыбына келерин билдирди.

- Кубанын тагдырын Америка же башкалар чечпейт. Биз адам укуктары, сөз эркиндиги баарына бирдей таандык болгон баалуулуктар экенин кайталайбыз. Бул багытта эки мамлекеттин кайчы пикирлери бар. Өлкөнүн болочогун кубалыктар гана чече алат,- деп айтты Барак Обама.

Кубанын лидери Рауль Кастро соода алаканы өнүктүрүүнү колдой турганын айтып, бул багыттагы эмбаргону алууга АКШ конгрессин чакырды. Обаманын Кубадагы тарыхый сапары 20-мартта башталган. Кошмо Штаттардын президенти Кубага акыркы сексен сегиз жылда алгачкы ирет келди.

Обама Кубада бүгүн аяктай турган сапары учурунда кубалык диссидент, активисттердин тобу менен жолугат жана Кубанын элине атайы кайрылуу жасайт. АКШ президентинин сапары башталардын алдында диссиденттердин Гаванадагы нааразылыгы күч менен таратылып, 50дөй демонстрант кармалганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG