Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун жыйыны Кыргызстандын демилгеси менен өтмөкчү. Анда кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы абал талкууга алынарын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстандын аталган уюмдагы өкүлү Аман Мамбетсеитов кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал менен уюмдун мүчөлөрүн тааныштырат. Аталган уюмга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.