Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Сариев чек арадагы абал менен таанышат


Кербен - Аксы жолу, 18-март, 2016-жыл.
Кербен - Аксы жолу, 18-март, 2016-жыл.

Бүгүн премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондоруна иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Сариев чек арадагы абал менен жеринде таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эл менен жолугушууларды өткөрөт.

Чек ара кызматынан алынган акыркы кабарларга таянсак, азыр аймакта абал туруктуу. Кечээ эки тарап тең аскерлерин азайткан. Учурда 8ден гана чек арачы жана экиден бронетехника калганы маалымдалды.

Кербен - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө өзбек чек арачыларынын тобу аскерий техникасы менен 18-марттын таңында кирип алган. Расмий маалымат боюнча, өзбек аскерлери курчап турган аймак Чаласарт деп аталат, кыргыз бийлиги бул жер талаш тилке болгонун билдирүүдө. Бирок жергиликтүүлөр ал участок Сары-Булак деп аталарын жана түздөн-түз Кыргызстанга караштуу экенин айтып жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG