Аксыда райондук акимчиликтин алдында өкмөт башчы Темир Сариевдин эл менен жолугушуусу өтүүдө.
Сариев бүгүн бир күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусунда жүрөт.
Талкууланып жаткан маселе - кыргыз-өзбек чек арасынын такталып бүтө элек тилкесине өзбек аскерлеринин кирип алышы. Кыргызстан буга байланыштуу расмий Ташкентке нота жөнөткөн, бирок жооп боло элек.
Саат 12де Кербенде оппозиция өкүлдөрүнүн да чек ара маселесине байланыштуу жыйыны өткөнү жатат. (RK)