Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Жарандык коргонуу органдарынын штабдык машыгуусу башталды


Жарандык коргонуунун быйылкы жылга даярдык планынын негизинде бүгүнтөн тарта 24-мартка чейин штабдык машыгуу өтө баштады. Темасы: “Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана келип чыккан шартта Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракети”.

Машыгуу 2 этаптан турат. Биринчиси: “Жер титирөө коркунучу учурунда калкты коргоо боюнча Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруу”, экинчиси: “Жер титирөөдөн калктын жабырлануусун кыскартуу боюнча кечиктирилгис иш-чараларды уюштуруу, өзгөчө кырдаал болгон аймакта Жарандык коргонуусуну башкарууну уюштуруу”.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган райондордо катталган кырсыктын кесепеттерин жоюу, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү болуп эсептелет. Ошондой эле, республиканын башка аймактарына да чоң эмес ар кандай өзгөчө кырдаалдар болгондугу тууралуу маалымдамалар берилип, тиешелүү тапшырмалар коюлат.

Мындай машыгуу жергиликтүү бийликтин, тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, эл аралык уюмдардын өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан тургундарга ар тараптуу камсыздоо иш-чараларын аткаруудагы өзд милдеттерин билүүгө, алдыга коюлган тапшырмаларын туура аткарууга жана өз ара аракеттенүүгө багытталган. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG